Ноокенде арыктан колу, буту байланган абалда эркек кишинин жансыз денеси табылды
RU

Ноокенде арыктан колу, буту байланган абалда эркек кишинин жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунун 488-чакырымында арыктын ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, маркумдун сөөгү 26-октябрда аныкталды.

Бул маалымат Ноокен РИИБи тарабынан маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн.

Кароо учурунда маркумдун денесинде жаракаттар бар экени аныкталды. Ошондой эле колдору жана буттары жип менен байланып көмкөрөсүнөн жаткан абалда табылды.

Аталган факты боюнча 122-берене (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Жансыз денеге соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-химиялык, соттук-гистологиялык жана башка керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө тарабынан маркумдун аты-жөнүн тактоо жана кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тапшырмалар, багыттамалар берилип, тиешелүү кызматтар тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9050