Кыргыз, казак лидерлери жолугушуп, соода жаатындагы жетишкендикти баалашты
RU

Кыргыз, казак лидерлери жолугушуп, соода жаатындагы жетишкендикти баалашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Астана шаарында президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолугушуп, өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, келечегин талкуулашты. Бул туурасында президенттин администрациясынан маалымдашат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы белгилеп, Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын, "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Казак лидери эки тараптуу жолугушуу эки өлкөнүн алака-катышын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Ал биргелешкен күч-аракеттердин аркасында жетишкендиктер арбып, эки тараптуу өнөктөштүк мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине бекем ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык түзүлүп, конструктивдүү жана ишенимдүү диалог жолго коюлганын белгиледи. Бардык багыттарда, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тарапты тең кызыктырган кызматташуу жигердүү өнүгүп жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү жогорулап, ушу тапта ал 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,8%га өскөнүн айтты.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9057