Япония Кыргызстанга 1 миллион доллар бермей болду
RU

Япония Кыргызстанга 1 миллион доллар бермей болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Япония өкмөтү Кыргызстанга 1 миллион доллар каражат бөлөт. Маалым болгондой, бул сумма сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында орун алган кырдаалдан улам гуманитардык абалдын начарлашына байланыштуу бөлүндү.

Япония өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын жардамы менен азык-түлүк, баш калкалоочу жай, азык-түлүк эмес товарлар жана коргоо сыяктуу тармактарда гуманитардык жардам көрсөтөт.

Буга чейин Германия, Швейцария жана АКШ мамлекеттери, Европа Биримдиги жардам көрсөткөн. Япония өкмөтү көптөн бери достук мамиледе болгон Кыргызстандын элине кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет деген ишенимин билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9069