Тажикстандын куралдуу агрессиясынан 3 миллиард сомдон ашык зыян келтирилди
RU

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан 3 миллиард сомдон ашык зыян келтирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен Кыргызстан 3 миллиард 130 миллион сом зыянга учурады. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал белгилегендей, куралдуу кагылыштан 63 адам каза таап, андан тышкары жол кырсыгынан 12 адам мерт кетти. Ал эми 206 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алды.

"661 турак үй зыянга учурап, анын 423ү жараксыз болду. Андан тышкары 11 административдик жана стратегиялык имарат, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган", - деди ал.

  • 14-сентябрда саат 08:00дө тажик тарап Ворух анклавынын түштүк бөлүгүндө ок атуучу куралдарды жана миномётторду колдонуу менен куралдуу агрессия жасаган. Анын кесепетинен Баткен районунун Самаркандек айылы жабыркады.
  • 15-сентябрда чек арада чыңалуу уланып, бирок абал салыштырмалуу туруктуу болгон.
  • 16-сентябрда Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан тараптан жаңы кол салуулар болгонун билдирген.
  • 17-сентябрда Тажикстан кыргыз аймактарын аткылоосун уланткан.
  • 18-сентябрда кырдаал курчуган. Жалпысынан 136 770 жаран эвакуацияланган. Куралдуу кол салуудан 63 кыргыз жараны набыт болду – 50 аскер кызматкери жана 13 жай тургун. 206 адам, анын ичинде 13 бала жабыркаган.
  • 19-сентябрь улуттук Аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8946