Ноокенде жансыз денеси арыктан табылган киши аныкталды. Кылмышка кызганыч себеп болгон
RU

Ноокенде жансыз денеси арыктан табылган киши аныкталды. Кылмышка кызганыч себеп болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунун 488-чакырымында арыктын ичинен киши колдуу каза болгон эркек кишинин жансыз денеси табылган. Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынан адам өлтүрүүгө шектүүлөр аныкталганын кабарлайт.

Башкармалыктан билдиришкендей, маркум Өзбекстандын Наманган облусунун 38 жаштагы тургуну экендиги аныкталган. Ал эми шектүү катары Шамалды-Сай шаарчасынын 4 тургуну (1987-жылы туулган Н.С., Т.Н., К.И., 1991-жылы туулган К.А.) жана Ноокен районунун тургуну (1993-жылы туулган А.Н.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш окуясы кызганычтан улам келип чыккандыгы жана жабырлануучу мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 26-октябрда саат 15:00 чамасында 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Кароо учурунда маркумдун денесинде жаракаттар бар экени, колдору жана буттары жип менен байланганы такталган. Аталган факты боюнча 122-берене (Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9080