Көк бөрү мелдешинде массалык мушташ болгону айтылды. Милиция окуянын жагдайын түшүндүрдү
RU

Көк бөрү мелдешинде массалык мушташ болгону айтылды. Милиция окуянын жагдайын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта республикалык көк бөрү чемпионатында массалык мушташ орун алганы айтылды. Облустук ички иштер башкармалыгынан массалык мушташ катталды деген билдирүүнү четке кагышты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, Райкан Алканов атындагы ат майданда 30-октябрда көрүүчүлөр арасында белгисиз себептерден улам түшүнбөстүктөр жаралып, 2 адам токмоктолгон.

Окуяга тийиштүү адамдардын баары Талас РИИБдин тергөө бөлүмүнө жеткирилип, аталган факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган.

"Териштирүү учурунда сабалгандар (Бакай-Ата районунун тургундары) эч кимге доосу жоктугун билдирип арыз жазуудан баш тартышты. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө макул болушкан жок. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми токмокко алган Талас шаарынын тургундарына карата административдик чара көрүлөт", - дешет Талас ОИИБдин маалымат кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9084