Сот департаментинин коррупцияга шектелген кызматкерлери келтирилген зыяндын ордун толтурду
RU

Сот департаментинин коррупцияга шектелген кызматкерлери келтирилген зыяндын ордун толтурду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сот департаментинин коррупцияга шектелген кызматкерлери мурда келтирилген зыяндын ордун толук толтурушту. Маалыматты УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, 2020-жылы сот системасына сатып алынган санариптик жабдыктардын баасын кымбаттатуу фактылары аныкталган. Тагыраагы, жалпы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган. Ошондой эле иликтөөнүн алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары жеке баюу максатында компаниялардын өкүлдөрү менен жең-ичинен сүйлөшүп алышып, алар сатып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү баасын ашыкча баалаган фактылар аныкталган.

Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 5 миллион 519 миң 170 сом өлчөмдө зыян келтирилип, кылмыш иши козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9086