Коттедждерди пара катары алган судьяларга иш козголду. Алар кимдер?
RU

Коттедждерди пара катары алган судьяларга иш козголду. Алар кимдер?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура Жогорку Соттун бир катар судьяларына "коррупция" беренеси боюнча иш козгоду. Бул кылмыш иши улутташтырылган мүлктөрдү мамлекеттин эсебинен чыгарууга байланыштуу экенин УКМКдан кабарлашты.

Kaktus.kg`ге өздүк булактар билдиргендей, Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева, Жогорку Соттун төрагасынын мурдагы орун басары Эрмек Садыков, Жогорку Соттун азыркы судьялары Камиль Осмоналиев, Нурсейит Арапбаев жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрайымы Калыйса Качкыналиевага кылмыш иши ачылды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен сот кызматкерлери мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына таандык улутташтырылган мүлктөрдү мамлекеттик менчиктен чыгаруу боюнча адилетсиз чечимдерди чыгарганы аныкталганын кабарлаган.

Ошол эле учурда судьялар "Аврора плюстан" кымбат баалуу коттедждерди, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алышканы аныкталган. Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн коттедж, батирлерди пара катары алышкан деп билдиришкен комитеттен.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8856