Парламент комитети Кемпир-Абад боюнча келишим долбоорду колдоду
RU

Парламент комитети Кемпир-Абад боюнча келишим долбоорду колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин эл аралык комитети 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен биргелешип башкаруу боюнча келишим долбоорду жабык эшик артында колдоду.

Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова билдиргендей, 7 депутат (Улан Примов, Чолпон Султанбекова, Лейла Лурова, Миргүл Темирбаева, Ырысбек Атаджанов, Улан Бакасов, Жылдыз Таалайбек кызы) макул болушту.

Ал эми комитеттин калган мүчөлөрү Адахан Мадумаров, Чингиз Айдарбеков, Нуржигит Кадырбеков, Эрулан Кокулов, Айбек Осмонов, Нилуфар Алимжанова, Шайлообек Атазов жыйынга катышкан жок. Тагыраагы, каршы болгон айрым депутаттар жыйындан чыгып кетишкен.

Келишим долбооруна Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол койсо, документ Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9094