Журналист Семетей Талас уулу камакка алынды
RU

Журналист Семетей Талас уулу камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Семетей Талас уулу камакка алынды. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдиргендей, журналист 48 саатка камакка алынды. Анын айтымында, Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө.

Белгилесек, 1-ноябрда милиция кызматкерлери Семетей Талас уулун үйүнөн кармап кетишкен. Буга чейин аны УКМКга суракка чакырышканын билдирген.

"Мага эч нерсе түшүндүрүшпөй эле, унаага салып, КР ИИМдин тергөө кызматына алып баратышат. Жактоочум отурумга байланыштуу азыр бош эмес, ошондуктан өзүм жалгызмын", – деди Семетей Талас уулу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9108