Кемпир-Абад боюнча комитеттин өкүлдөрү Өзбекстандын президентине кайрылуу жасашты
RU

Кемпир-Абад боюнча комитеттин өкүлдөрү Өзбекстандын президентине кайрылуу жасашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитеттин мүчөлөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жасашты. Ачык катта Кыргызстандын коомдук жана саясий ишмерлер тобунун атынан суу сактагычты биргелешип башкаруу боюнча келишим долбоорун кароону кийинкиге калтыруу өтүнүчү айтылат. Алар бул стратегиялык объекттин жана суу ресурсунун тегерегиндеги көйгөйлүү жана талаштуу маселелер такталмайынча келишимге кол койбоону суранышат.

Кайрылуу жасагандар бул келишим эки элдин ортосундагы пикир келишпестиктердин, бут тосуулардын башталышы болуп калышын эч ким каалабай турганын эске салышат.

"Эки мамлекеттин ортосунда чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча талаштуу маселелер бар экенин түшүнөбүз. Бул маселе көптөн бери күн тартибинде каралып, биздин коңшулук мамилелерибизди мындан ары өнүктүрүү үчүн эртерээк чечим күтүлүп жатканын билебиз. Бирок айрым документтер конституциялык нормаларды, белгиленген мыйзамдарды, саясий негиздерди жана Кыргызстанды демократиялык жетишкендиктерин одоно бузуу менен сунушталып жатканын да эскертебиз.

Кемпир-Абад/Анжиян суу сактагычы боюнча маселени талкуулоо жана чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү комитет эки эле жолу отурум өткөрдү. Талкуу жабык эшик артында өтүп, депутаттарга документтердин жана маалыматтардын толук эмес тизмеси берилди.

Кийинчерээк депутаттарга келишимдин тексти толук берилбегендиктен, комитеттин акыркы чечимине кол коюудан баш тартканы үчүн комитет төрагасы кызматынан бошотулду.

Эл эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда кол коюлган документтердин жарыяланышын талап кылууга толук укуктуу. Анткени кеп эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктары жөнүндө болуп жатат", - деп айтылат.

Комитет мүчөлөрү кыргыз бийлигинин мыйзамсыз жана компетентсиз аракеттеринин натыйжасында келишимди ачык талкуулоо боюнча коомчулуктун талабы жарандык коомдун өкүлдөрүн, саясатчыларды, активисттерди жана укук коргоочуларды массалык түрдө камакка алып, коркутуп-үркүтүүгө алып келгенин эске салат.

Учурда 27 активист оор кылмыш боюнча негизсиз айыпталып жатат. Алардын баары учурда абакта. Бирөө издөөгө алынган.

Комитеттин мүчөлөрү бийликтин репрессиялык аракеттерине нааразы болуп, келечекте чыр-чатактарды болтурбоо үчүн чек ара маселелерин коомчулук менен талкуулап, макулдашуу керек дешет.

Арыз ээлери Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаровду Кемпир-Абад/Анжиян суу сактагычын биргелешип башкаруунун кесепеттерин жана көйгөйлөрүн чечүүдө кылдат жана салмактуу мамиле жасап, эки суу сактагычтын ортосундагы чырга эмес, берекенин булагына айланууга чакырышат.

Кармалгандар жана соттун чечими менен 2 айга СИЗОго камакка алынгандар:

  • Мамбетжунус Абылов.
  • Акылбек Айтбаев.
  • Айданбек Акматов.
  • Нурлан Асанбаев.
  • Бектур Асанов.
  • Марат Баязов.
  • Атай Бейшенбек.
  • Азимбек Бекназаров.
  • Эрлан Бекчороев.
  • Айбек Бусурманкулов.
  • Гүлнара Журабаева.
  • Кенешбек Дуйшебаев.
  • Равшан Жээнбеков.
  • Канат Исаев.
  • Кубанычбек Кадыров.
  • Рита Карасартова.
  • Чынгыз Капаров.
  • Таалайбек Мадеминов.
  • Улукбек Маматаев.
  • Жениш Молдокматов.
  • Асия Сасыкбаева.
  • Клара Сооронкулова.
  • Перизат Суранова.
  • Али Шабдан.

Талант Эшалиев үй камагына алынды. Ал эми экс-депутат Орозайым Нарматов жана активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, СИЗО-1ге 2 айга камалды.

Канат Исаевден башкасынын баарына "массалык баш аламандыкты уюштурууга аракет жасоо" беренеси боюнча кине коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9109