Чу дарыясын бойлой чек араны мыйзамсыз кесип өткөн казакстандык жарандар кармалды
RU

Чу дарыясын бойлой чек араны мыйзамсыз кесип өткөн казакстандык жарандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын эки жараны мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн делинип кармалды. Алардын кармалышы боюнча УКМКдан маалымат беришти.

Белгилүү болгондой, 26-октябрда чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган Казакстандын эки жаранын кармаган. Тагыраагы, Ж.А.Е. жана Б.Д.Д. аттуу жарандар "Достук" бекетин айланып өтүп жаткан маалда УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан кармалышкан.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жарандары 23-октябрда Чу дарыясын бойлой (Чүй облусундагы Аламүдүн районунун жанында) кыргыз-казак чек арасын мыйзасыз кесип өткөндүктөрү маалым болгон.

Учурда кармалгандар Октябрь райондук сотунун токтомунун негизинде Бишкектеги СИЗОго эки айга камалды. Тергөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9112