Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирин Ташиевдин агасынын атынан атоо сунушталды
RU

Жалал-Абаддагы көчөлөрдүн бирин Ташиевдин агасынын атынан атоо сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарындагы борбордук көчөнүн бирин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин агасы Каныбек Ташиевдин атынан атоо сунушу киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media'га Жалал-Абад мэриясынын катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 10-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы өтүүдө. Күн тартибинде шаардагы көчөлөрдүн атын өзгөртүү маселеси да бар.

"Ташиевдердин туугандары жана Жалал-Абаддын тургундары шаардык кеңешке учурда Пушкин деп аталган көчөнү Каныбек Ташиевдин урматына өзгөртүү сунушун киргизишти", - деди Жээнбеков.

Анын айтымында, мындай сунушта эч кандай мыйзам бузуулар жок, анткени сунуш жергиликтүү тургундардын демилгеси менен жасалып жатат. Депутаттар аны колдойт, же четке кагышат.

Каныбек Ташиев Жалал-Абад шаары үчүн кандай иштерди жасаган, деген суроого катчы жооп бере алган жок.

Эске салсак, Каныбек Ташиев 2020-жылдын 21-июлунда, 57 жашында каза болгон. osoo.kg сайтындагы маалыматка ылайык, ал "Томас" ЖЧКсы нефтебазанын негиздөөчүсү болуп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/911