Садыр Жапаров: Мадумаров теоретик, практикалык иш жасап көргөн эмес
RU

Садыр Жапаров: Мадумаров теоретик, практикалык иш жасап көргөн эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине Кумтөр жана Кемпир-Абаддын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу маек курду. Анда журналист Адахан Мадумаровдун "Сууну кыргыз тарап тазалайт экен, форс-мажор болсо горизонталь белгиси өзгөрө берет экен" деген маанайдагы билдирүүсү боюнча суроо салды.

"Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп калаарын билбейт. Форс-мажор деген сөз боюнча айтсам, ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 см көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетмек. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коёт.

Азыр эми биз дагы плотинаны башкарууга кирип жатабыз да. Мындан ары жогорудагыдай учурларда маселе жаралса эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете беришет. Суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт.

Ал эми "сууну биз тазалап берет экенбиз" дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз. Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9121