Журналист Семетей Талас уулунун кармалышы боюнча ИИМ билдирүү жасады
RU

Журналист Семетей Талас уулунун кармалышы боюнча ИИМ билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Семетей Талас уулу бир күн мурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынганы белгилүү болгон. Бүгүн, 2-ноябрда Ички иштер министрлиги журналисттин эмнеге кармалганы боюнча расмий билдирүү жасады.

Facebооk социалдык тармагынын Семетей Талас уулу аттуу колдонуучусу экстремисттик мазмундагы билдирүү калтырган дешет министрликтен.

Анын социалдык тармактагы посту 332-берененин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) менен каттоого алынып, тиешелүү экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусу постто Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмга таандык болгон маалымат камтылганын көрсөттү.

8-октябрда кылмыш иши ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлгөн. 1-ноябрда Семетей Талас уулу тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда дешти ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9122