"Бул сыноолорду да жеңебиз". Клара Сооронкулова СИЗОдон кат жазды
RU

"Бул сыноолорду да жеңебиз". Клара Сооронкулова СИЗОдон кат жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Юрист Клара Сооронкулова СИЗО-1ден жазган катын укук коргоочулар аркылуу берди. Катта ал үй-бөлүсүнө колдоо көрсөткөн досторуна жана эң баалуу болгон – эркиндиктен ажыраган санаалаштарына ыраазычылык билдирген.

"Менин жана Кемпир-Абадды коргоо комитетинин бир да мүчөсү кылмыштуу пландарды түзбөгөндүгүбүзгө, ал тургай мыйзамдуу тынч жыйындарды өткөрүү сунушу да четке кагылгандыгында эч кимдин күмөнү жок деп ишенем. Биз үчүн кабатырланып, кыжаалат болбоңуздар, бул сыноолорду да жеңебиз. Өлкө үчүн, анын эртеңи үчүн, балдарыңардын келечеги үчүн кабатырлангыла!", - деп жазган Сооронкулова.

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген.

Камакка алынгандар:

• Акылбек Айтбаев.

• Айданбек Акматов.

• Нурлан Асанбаев.

• Бектур Асанов.

• Атай Бейшенбек.

• Азимбек Бекназаров.

• Эрлан Бекчороев.

• Айбек Бусурманкулов.

• Гулнара Журабаева.

• Кеңешбек Дүйшебаев.

• Равшан Жээнбеков.

• Канат Исаев.

• Кубанычбек Кадыров.

• Рита Карасартова.

• Чынгыз Капаров.

• Таалайбек Мадеминов.

• Улукбек Маматаев.

• Жеңиш Молдокматов.

• Асия Сасыкбаева.

• Клара Сооронкулова.

• Перизат Суранова.

• Али Шабдан

• Марат Баязов.

Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандады. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалды.

Канат Исаевден башкасы "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Анын иши "жашыруун" деп белгиленген

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9125