Сузактын тургуну "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясынан баш тартты (видео)
RU

Сузактын тургуну "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясынан баш тартты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак районунда жергиликтүү тургун "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, радикалдык көз карашынан эл алдында баш тарткан Х.А.С. 2005-жылдан бери "Хизб ут-Тахрир" уюмунун кылмыштуу ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон.

"Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Х.А.С. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды "Хизб ут-Тахрир" ДЭУ мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды", – деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9135