Семетей Талас уулу: Маалыматты бөлүшүп, кайра өчүргөм
RU

Семетей Талас уулу: Маалыматты бөлүшүп, кайра өчүргөм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экстремисттик мазмундагы материалды таратканга шектелип кармалган журналист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Сот залында журналист социалдык тармактагы баракчасына Афганистан тууралуу маалыматты чыгарганын айтат.

"Материал аталган өлкөнүн тарыхына арналган деп ойлогом. Кийинчерээк "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмна таандык экенин интернет колдонуучулардын бири жазды. Дароо эле өчүргөм. 20 мүнөттөй өткөн. Андан кийин мени УКМКга суракка чакыртышты. Муфтияттан алган китептерди алышып, андан эч нерсе табышкан жок", - дейт ал.

Журналист козголуп жаткан кылмыш ишин саясий куугунтукка байланыштырат.

Белгилей кетсек, 1-ноябрда Семетей Талас уулу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Ал социалдык тармактагы баракчасына экстремисттик мазмундагы билдирүү калтырганын ИИМден кабарлашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9138