Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары талкууланды
RU

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары талкууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Норовдун Кыргызстанга болгон расмий сапарнын алкагында өткөн.

Жапаров менен Норов жолугушууда ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

"Жапаров кыргыз-өзбек мамилелери достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз тараптын мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы жалпы тарыхый мураска, маданиятка, тилге, руханий салттар жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Владимир Норов эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирди.

Анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, анын уюштуруу-мазмундук бөлүктөрү жана башка маселелер талкууланган.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9148