Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери чек ара боюнча документке кол коюшту
RU

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери чек ара боюнча документке кол коюшту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-ноябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жолугушту. Бул туурасынды тышкы саясий ведомстводон билдиришти.

Эки тараптуу жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду. Министрлер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен иш сапардын мазмундуу бөлүгүн иштеп чыгууну активдештирүүнү макулдашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөргө кол коюшту:

  • Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге;
  • Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга;
  • Кыргызстандын Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга;
  • Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын "Узархив" агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга;
  • Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга;
  • Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту.
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышты.

Өзбекстандын тышкы иштер министрин Садыр Жапаров да кабыл алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9147