Журналист Санрабия Сатыбалдиева убактылуу кармоочу жайга киргизилди
RU

Журналист Санрабия Сатыбалдиева убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Санрабия Сатыбалдиева укук коргоочулар тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул туурасында укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Журанлисттин үйүндө 4-ноябрга караган түнү тинтүү жүргүзүлүп, өзүн суракка алып кетишкен. Кийинчерээк оператор дагы суракка чакыртылган. Ал эми Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Дарыгер "боюнан түшүп калуу коркунучу бар" деп тыянак чыгарды", - дейт укук коргочу.

Журналист менен оператордун эмне себептен кармалганын тиешелүү мекемеден маалымат берише элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9152