Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыгарылды
RU

Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 3-ноябрда Биринчи Май райондук соту кабыл алды. Ага ылайык, журналист 7-декабрга чейин үй камагында болот.

Белгилей кетсек, 1-ноябрда Семетей Талас уулу милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Ал социалдык тармактагы баракчасына экстремисттик мазмундагы билдирүү калтырганын ИИМден кабарлашкан.

Ал эми журналист социалдык тармактагы баракчасына Афганистан тууралуу маалыматты капысынан чыгарганын, бир нече мүнөттөн кийин кайра өчүргөнүн билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9141