Акылбек Жапаров аткезчилерге "крыша" болгон кызматтар жоюлганын айтты
RU

Акылбек Жапаров аткезчилерге "крыша" болгон кызматтар жоюлганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 19-июлда өкмөт үйүндө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү. Ага укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын координациялык кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Жапаров башка иштер менен катар коррупция жана контрабанда менен тынымсыз күрөш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

"Аткезчилик мамлекетке чоң зыян алып келүүдө. Коррупцияга каршы кызмат менен Финансы полициясын жойдук. Азыр аткезчилердин "крышасы" жок. Бүгүнкү күндө прокуратура көптөгөн иштерди иликтеп жатат, баары ачык болот деп ишенебиз", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7573