Журналист Санрабия Сатыбалдиева үй камагына чыкты
RU

Журналист Санрабия Сатыбалдиева үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акча талап кылууга шектелип кармалган журналист Санрабия Сатыбалдиева эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Маалыматты укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Белгилесек, журналист Сатыбалдиева опузалап акча талап кылганга шектелип, 48 саатка камакка алынган. Кийинчерээк ал эч кимден акча опузалабаганын жана бул ишке депутат Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экенин билдирген.

Көп өтпөй Сатыбалдиеванын үстүнөн журналист Баяна Кулова арыз жазганы белгилүү болгон. Бул туурасында Кулова өзү билдирүү жасап, окуянын чоо-жайын айткан. Ал арыз алынарын, Сатыбалдиева үй камагына чыгарына кепил болорун да кошумчалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9161