Журналист Сатыбалдиеванын кармалышы: Баяна Кулова окуянын чоо-жайын айтты
RU

Журналист Сатыбалдиеванын кармалышы: Баяна Кулова окуянын чоо-жайын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин акча талап кылууга шектелип журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалган. Депутат Тазабек Икрамов бул окуя боюнча комментарий берип жатып, Сатыбалдиеванын үстүнөн журналист арыз жазганын айткан.

Көп өтпөй эле журналист Баяна Кулова укук коргоочуларга эмнеге кайрылганын жазып чыкты. Айтымында, бир апта мурда депутат Шаирбек Ташиевдин кафеде олтурганда сүйлөгөн сөзү интернетке чыгып укмуш талкуу болуп кеткен.

"Мындай жагдайда өз ара сүйлөшүп эле өчүртүп коёбуз. Анан мен бул фейк менен сүйлөштүм. Болгондо дагы оозун толтуруп Ташиевдин сүйлөгөнүн өчүрүп коюу үчүн 10 миң доллар сурады! Мындай кылба десем болбойт. Өзүм дарылануума акча таппай жүрсөм каяктагы мынча акча?!!! Деги эле ушунча акчаны ким кармайт азыркы заманда? Азыраак берүүгө көнбөдү", - дейт ал.

Кулова аны менен жазышкан адамды мырза деп ойлоп "бул кайдан чыккан кыйын болду экен" деп укук коргоо органдарына кайрылганын белгиледи.

Баяна Кулова Ташиевдер анын коргоосуна муктаж эместигин жана аларды коргобой турганын кошумчалады.

Белгилесек, журналист Сатыбалдиева опузалап акча талап кылганга шектелип, 48 саатка камакка алынган. Кийинчерээк ал эч кимден акча опузалабаганын жана бул ишке депутат Шаирбек Ташиевдин тиешеси бар экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9159