Олжобай Шакир: Болот Назаровду тойго чакырып, бирөөнү мактап бер дешкен
RU

Олжобай Шакир: Болот Назаровду тойго чакырып, бирөөнү мактап бер дешкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын Болот Назаров тоноого шектелип кармалды. Чүй ОИИББдин маалыматына караганда, ал өспүрүмдүн айгырын сүрөткө түшүп алайын деп сурап, мингенден кийин качып кеткен.

Бирок коомчулук бул маалыматка ишенбөөчүлүк көрсөтүшүүдө. Журналист Олжобай Шакирдин айтымына караганда, Болот Назаров 3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан.

"Дакансалар" коомчулукка бизди өтө шектүү, өтө коркунучтуу бузуку катары түрлүү жарлыктарын тагып келишет. Айтор, бизди соо адамдар эмес деп көрсөтүүнүн аракети токтободу.

Эми жаңы "операцияга" келели. 3 күндөн бери Болот Назаровдон дайын жок. Ал азыр чыгармачылык командировкада жүргөндүктөн, мурдагыдай күнүгө келип-кетмейи жок. Чыгармачыл эркиндикте. Бирок телефон аркылуу да, тааныштар аркылуу да кабарын биле албай отурабыз. Тынчсызданып! Укканыбызга караганда: Бокени тойго чакырышат. Бирөөнү мактатып ырдатмай болушат... Бирок биздин көкжал акын андайга кежигеси тырышып, бирөөнү ашкере көкөлөтө ырдап ийчүүлөрдөн эмес. Андай өтүнүчтү уккан Бокебиз, "эч кимди мактап ырдабайм" деп жолуна түшөт. Артынан бирөө чыгат, узатып. Ошол узатып чыккан адам чыгармачыл чөйрөдөгү белгилүүлөрдөн. Болгондо да менин атбашылык инилеримдин бири. Бокени далыга таптап, тойго ырдап бер деп ээрчитип барган ошол дешет. Азырынча анын аты-жөнүн атабай турууну эп көрдүм. Оозуна талкан сугунгансып, үндөгүсү жок анын. Иштин чоо-жайын ошол "тилин жутуп алган" өнөрпоздон билсек дегенбиз...", - деп жазды.

Болот Назаров боюнча 3 күндөн бери кабар жок үчүн коомчулукка болгон иштин учугун чыгарууну туура көргөнүн кошумчалады Олжобай Шакир.

"Себеби, бири айтат: "Бокени Беловодскто камап коюшуптур". Бири айтат: "Бокени тойго чакырткандар алдына ат тартып мингизишет...Тата-пата". Анан эле ошол мингизген ат эртеси уурдалган жылкы болуп чыгат. Болгондо да аны Болот Назаров уурдап алган имиш!

Кыргызда илгертен өнөр адамынын алдына жылкы тартып, үстүнө чапан кийгизип сый көрсөткөн кыргыздын бул кандай "жаңы салты" болуп кетти экен деп баш катырып отургандагы кезибиз", - деп жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9198