2023-жыл түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыяланды
RU

2023-жыл түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыялады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен белгилешкендей, мындай чечим Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйынында кабыл алынды. Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТУРК-ПА уюмунун катышып, келерки жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланды.

Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы белгилөө сунушу киргизилип, ал бир добуштан колдоо тапты.

Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (башка маалыматтар боюнча 1920-жылдын 20-сентябрында) туулган. Жети классты аяктагандан кийин 1936-жылы чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаш көрүүчүлөр театрда өнүктүрүүнү чечкен. Ал жүздөн ашык театр жана кино ролдорду ойногон. "Салтанат" аттуу алгачкы улуттук көркөм тасмада башкы ролду ойногон биринчи актриса болгон. Андан кийин "Бетме-бет" спектаклинде биринчи болуп Сейденинин ролун ойногон.

Бакен Кыдыкеева 1970-жылы СССРдин эл артисти деген наамга ээ болуп, ошол эле жылы таланттуу актриса театрдагы теңдешсиз эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Андан кийин 1977-жылдагы Бүткүл союздук кинофестивалдын "Актёрдук иш үчүн сыйлык" номинациясынын ардактуу лауреаты деп табылган.

Аны тасмага тартууга коңшулаш, өзгөчө өзбек киностудиялары байма-бай чакырып турушкан.

Анын ысымын учурда борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театры жана бир көчө алып жүрөт.

Театр өнөрпоздоруна ыйгарыла турган Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлык бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9200