"Жапаров менен Ташиевдин эле айылдары жакшырууда". Президенттин маалымат кытчысы үн катты
RU

"Жапаров менен Ташиевдин эле айылдары жакшырууда". Президенттин маалымат кытчысы үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө" деген маанайдагы маалыматтарга жооп берди. Ал 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилерди тизмектеп, башка да курулуштар болгонун белгиледи.

Мамлекеттик курулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд 172,1 млн сомго бүткөрүлгөн. Алар:

  • 99 мектеп;
  • 25 бала бакча;
  • 16 саламаттык сактоо объекттери;
  • 6 маданият тармагындагы объекттери;
  • 5 спорткомплекс;
  • 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери;
  • 12 башка объекттер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту жана башка).

Анын ичинде облустар боюнча:

  • Чүй облусунда - 22 объект;
  • Баткен облусунда - 46 объект;
  • Жалал-Абад облусунда - 27 объект;
  • Ысык-Көл облусунда - 18 объект;
  • Нарын облусунда - 18 объект;
  • Ош облусунда - 47 объект;
  • Талас облусунда - 15 объект.

"Мындан тышкары башка каржылоо булактарынын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлдү", - дейт Султанбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9201