Болот Назаров менен бир тойго барган Кубаныч Ажыбаев дарегине айтылгандарды четке какты
RU

Болот Назаров менен бир тойго барган Кубаныч Ажыбаев дарегине айтылгандарды четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы, тамада Кубаныч Ажыбаев милиция кызматкерлери тарабынан кармалган төкмө акын Болот Назаров менен бир тойдо кызмат кылганын айтып чыкты. Анын кайрылуу жасоосуна журналист Олжобай Шакирдин айткандары себеп болду. Тагыраагы, Олжобай Шакир "менин угушума караганда Болот Назаровду тойго дал ушул ырчы алып барган, бирок ал азырынча үн катпай жатат" деген.

Бул билдирүүдөн кийин Кубаныч Ажыбаев окуянын чоо-жайын айтып чыкты.

"Болот Назаровду Беловодск айылындагы тойго атбашылык Кубаныч Ажыбаев жибериптир деп айтып жатышат. Биринчиден, мен Ат-Башыдан эмес Нарын районунан болом. Экинчиден, Болот Назаров менен аласа-бересем жок, аны сыртынан тааныйм, тойлордон көрүшүп калабыз. Ал күнкү тойдун ээсинин жездеси менен шеринелешмин, ошол адам аркылуу тойго баргам. Барсам той баштала элек экен, Кочкорго да тойго барышым керек болчу. Эл акырындан чогулуп баштаганда сөз сүйлөп, ырдап, кетейин деп чыгып баратсам тамакка киргиле деп калышты той ээлери. Үйгө кирсем Болот Назаров эл менен чогуу отуруптур. Аны менен саламдашып чай, тамак ичип алып чыгып баратсам Болот дагы узатып чыкты. Ал менден эмнеге келгенимди сурады, өзү дагы ырдаганы келиптир. Сөздүн ачыгын айтканда мен Болот Назаровду ошол жерден көрдүм", - деди ал.

Буга чейин төкмө акын Болот Назаров тоноого шектелип кармалганы маалымдалган. Кийинчерээк Олжобай Шакир аны өнөрпоздордун бири тойго алып барганын айтып чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9204