Болот Назаровдун кармалышы. Жабырлануучуга тосмо арыз жаздырбай жатканы айтылды
RU

Болот Назаровдун кармалышы. Жабырлануучуга тосмо арыз жаздырбай жатканы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-ноябрда Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун бөгөт чарасы каралууда. Сот залында акын уурдады деген жылкы тууралуу өз чындыгын айтты.

"Мага жылкы ээси ыраазы болгон, уурдалган ат эмес. Мен жылкы уурдай турган адаммынбы? Мен атты минип алып качып кетейин деген эмесмин, той ээси аябай ыраазы болуп жаткан. Мен жылкыны мага мингизген деп ойлогом. Кубанычтан мен атты чаап келгем. Эртеси күнү жылкы изделип жатканын айтышты. Муну угар замат жылкыны ээсине кайтардым. Мал ээси тосмо арыз жазайын десе кызматкерлер аны ары жакка алып "дубалап" коюшту", - деи ал.

Ал эми соттук отурумга барган журналист Болот Темиров менен жактоочу Бактыбек Автандил жабырлануучу делинген тарап төкмө акынга доосу жок экенин айтып, тосмо арыз жазайын дегенин билдиришти. Бирок сотко белгисиз киши, божомол менен УКМКнын кызматкери жабырлануучуну коркутуп, залга киргизбей жатканын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9208