Баш байгеси миллион сом болгон айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды
RU

Баш байгеси миллион сом болгон айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баш байгеси 1 миллион сом болгон "Айтыш - 2022" республикалык төкмө акындар айтышы жыйынтыкталды. Элдин эсинен кеткис айтыш кургандардын ичинен Кубат Тукешов баш байгени илип кетти.

  • Баш байге - Кубат Тукешов (90 упай);
  • I орун - Баян Акматов (89 упай);
  • II орун - Асылбек Маратов (87 упай);
  • III орун - Сапарбек Зулпуев (82 упай).

Кызыктыруучу сыйлыктар менен төмөндөгү акындар сыйланышты:

  • Изат Айдаркулова - 88 упай;
  • Мундузбек Борончуев - 88 упай;
  • Кутман Садыбакасов - 88 упай;
  • Темирбек Матыбаев - 88 упай;
  • Жылдызбек Тороканов - 87 упай;
  • Нурсултан Малдыбаев - 85 упай;
  • Кадырбек Бейшенов - 85 упай;
  • Акматбек Султан уулу - 84 упай.

Ар бир акынга жана калыстар тобунун мүчөлөрүнө Токтосун Тыныбеков атындагы төш белги сыйланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9210