Бүгүн баш байгеси 1 миллион сом болгон айтыш өтөт
RU

Бүгүн баш байгеси 1 миллион сом болгон айтыш өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-ноябрда баш байгеси 1 миллион сомду түзгөн айтыш өтөт. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, төкмө акындар айтышы Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Тандоо туру 8-ноябрда болду. Бүгүн айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү өтүп, жеңүүчү аныкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9188