Айжан Чаначева "Жер сулуусу-2022" сынагына катышуу үчүн Филиппинге учуп кетти
RU

Айжан Чаначева "Жер сулуусу-2022" сынагына катышуу үчүн Филиппинге учуп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жер сулуусу-2022" сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган Айжан Чаначева Филиппинге учуп кетти. Бул туурасында ал өзү билдирип, узак убакыт бою даярдык көргөнүн белгиледи.

"Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясынан маалымдашкандай, Айжан Чаначева дүйнөнүн 89 өлкөсүнөн келген сулуулар менен атаандашат.

Сынактын биринчи баскычы 24-октябрдан 9-ноябрга чейин онлайн форматта өтүп, анда ар бир катышуучу өз өлкөсүн видео форматта тааныштырган. Эми Айжан Чаначева социалдык долбоорун, костюмдарын көрсөтөт.

"Жер сулуусу-2022" сынагынын жеңүүчүлөрү 30-ноябрда аныкталат.

Айжан Чаначева 2019-жылы "Кыргызстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болуп, эл аралык сынакка катышууга жолдомо алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9248