Стамбулдагы терактты жасоого шектелип 21 адам кармалды
RU

Стамбулдагы терактты жасоого шектелип 21 адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Стамбул шаарындагы жардырууну сириялык террордук уюм жасашы мүмкүн экенин Anadolu маалымат агенттиги жазат. Андагы маалыматка ылайык, теракт уюштурууга шектелип 21 адам кармалды.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу милициянын колунда жардыруунун издери Сирияга таандык экенин көрсөткөн далилдер бар экенин айтат.

Түрк полициясы бомба салынган баштыкты калтырган жаранды кармап, аны суракка алып жатканы белгилүү болгон. Бирок шектүү катары ким кармалганын министрлик расмий маалымдай элек.

Буга чейин теракт жасоого аял киши шектелип жатканын, жардыруудан 81 адам жабыркап, 6 киши каза болгону маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9268