Кемпир-Абадды берүүгө каршы болгондор митингге чыгышты
RU

Кемпир-Абадды берүүгө каршы болгондор митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-ноябрда Ак үйдүн алдына Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон жарандар, активисттер топтолушту.

Милиция кызматкерлери митингге чыккандарды бул жайдан кетүүгө чакырып, митинг өткөрүүгө тыюу бар экенин эскертти.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер комитети Кемпир-Абад боюнча келишим долбоорун карайт. Кемпир-Абадды коргоо комитетинин өкүлдөрү документти кароону жылдыруу суранычы менен депутаттарга кайрылышты.

Саат 14:00гө чамалаганда митингчилер М.Горький паркына барышты. Алар акция узак болорун, бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн сайын чогула берерин айтышат.

Буга чейин Өзбекстандын парламенти (мыйзам чыгаруу палатасы) Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди ратификациялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9279