Баткенде милиция кызматкерлери эмгек акыдан тышкары 50 миң сомдон алышат. Бирок убактылуу
RU

Баткенде милиция кызматкерлери эмгек акыдан тышкары 50 миң сомдон алышат. Бирок убактылуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин көпчүлүк түзүмдөрүнө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары үстөк акча толугу менен төлөнүп берилди. Маалыматты аталган министрликтен билдиришет.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 1-октябрдан тартып аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына үстөк акча кошулган.

Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, ай сайын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы менен кошо 20000 сомдон үстөк акы төлөнүп турат. Үстөк акча (20 миң сомдон) өзгөчө абалда кызмат өтөгөн жана Баткен ОИИБдин бир катар бөлүктөрүндө иштеген кызматкерлерге ай сайын төлөнөт.

Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын айлык акысына ай сайын 30000 сомдон үстөк акча кошумча төлөнүп бериле баштады.

Тагыраагы, Баткен облусунда жогоруда аталган ички иштер бөлүмдөрүндө иштегендер айлык акысынан тышкары 50000 сом үстөк акча алып жатышат. Бул үстөк акы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнөт.

Бүгүнкү күнү ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн эмгек акыдан сырткары үстөк акча да төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат.

ИИМдин Күзөт кызматы менчик ээлеринен келишим боюнча келип түшкөн өзүн-өзү актоо, өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен камсыздалат. Азыркы учурда Күзөт кызматынын келишимдерин кайрадан түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш-чаралар толук аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине 1-октябрдан тартып үстөк акы толук кайрадан төлөнүп берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9322