ИИМдин күзөт кызматкерлери митингге чыгууга ниеттенүүдө. Министрлик маселе чечилерин айтат
RU

ИИМдин күзөт кызматкерлери митингге чыгууга ниеттенүүдө. Министрлик маселе чечилерин айтат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери эмгек акыга байланыштуу 15-ноябрда митингге чыгууга ниеттенишүүдө. Алар нааразычылыгын Kаktus.media`га айтышып, митинг Улуттук опера жана балет театрынын алдында болорун белгилешти.

Айтымдарында, кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү бир нече ирет убада кылышкан. Натыйжада барынын маянасын көтөргөн эмес. Анын ичинде күзөт кызматкерлеринин айлыгы мурдагы боюнча калган.

"Пандемия учурунда бардык милиция кызматкерлерине кенемте төлөнгөн. Бирок күзөт кызматкерлерине бөлүнгөн эмес. Алар деле коопсуздукту камсыздоого тартылышкан. Бизди азыр да унутуп коюшту", - дешет алар.

Ал эми ИИМдин маалымат кызматынан Күзөт кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча маселе жакынкы арада чечилерин билдиришти.

"Республикалык бюджеттен каржылануучу аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын акчалай үстөк пулдарынын жогорулагандыгына байланыштуу, азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан күзөт кызматын көрсөтүү келишимдерди кайра түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлерине 1-октябрдан баштап үстөк пулдары толук көлөмдө кайра эсептөө жүргүзүлөт.

ИИМдин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн айырмаланып Күзөт кызматы республикалык бюджеттен каржыланбай тургандыгын эске алуу зарыл", - дешет мекемеден.

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы - Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү, маанилүү, олуттуу жана башка объекттеринин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле менчигинин формасына карабастан объекттерди жана мүлктөрдү келишимдин негизинде күзөткө алуу иштерин жүргүзүүчү министрликтин ведомстволук бөлүмү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9265