Камчыбек Ташиев: Оор күндөрдө кызмат кылганыбызга сыймыктанам, эл батасын берер
RU

Камчыбек Ташиев: Оор күндөрдө кызмат кылганыбызга сыймыктанам, эл батасын берер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маек берип жатып элге кайрылуу жасады. Анын кайрылуусу социалдык тармакка жарыяланды.

"Ушундай оор учурда элибизге кызмат кылганыбызга сыймыктанабыз. Тарых, мезгил бизди кыргыз-өзбек чек арасын силер чечкиле, элдин пайдасына иш кылгыла деп тандап алды. Мамлекетибизди, элибизди эч качан артка тартпайбыз. Дайыма элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп келгенбиз, мындан ары да ошондой болот деген сөзүмдү ишеничтүү түрдө айтам. Эл бизди түшүнүп, ак батасын берет деген үмүттөбүз", - деди ал.

Атайын кызматтын төрагасы туура жолду бузууга атайын аркет кылган чагымчылдарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

"Мурда эмнеге чагымчылдык иштер болуп, төңкөрүштөр орун алган? Себеби убагында чаралар көрүлгөн эмес. Эми андай болбойт. Менин кызматым - мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо, тынчтыкты орнотуу жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө", - деп жыйынтыктады кайрылуусунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9329