Камчыбек Ташиев: Жакында Тажикстандын чоң делегациясы Бишкекке келет
RU

Камчыбек Ташиев: Жакында Тажикстандын чоң делегациясы Бишкекке келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара маселесинде тил табыша баштагандыгын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде билдирди.

Атайын кызматтын башчысы жакында эле Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси өткөндүгүн айтты.

"Биз кайсы бир деңгээлде чек ара маселесин чечүүгө аракет кыла баштадык. Эгерде мурда тирешип туруп калсак, азыр бир аз тил табыша баштадык. Бири-бирибизге мунаса келип жатабыз. "Силер бул жерди алгыла, биз бул жерди алалы. Силерге бул нерсе керекпи, макул жардам берели, бирок биздин бул нерсеге силер да жардам бергиле" деп Тажикстан менен сүйлөшүп жатабыз", - деди.

Андан тышкары, Ташиев бир аптанын тегерегинде Тажикстандын чоң делегациясы Бишкекке келе тургандыгын маалымдады.

"Протоколдорго кол койдук. Эми мамлекеттик макулдашууларды жүргүзөбүз. Макулдашуулар жүргүзүлгөн соң, тиешелүү адамдар кол коёт, андан соң парламентке алып келебиз. Ал жерде ийне-жибине чейин талкуулайбыз", - деп билдирди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9341