Садыр Жапаров Арменияга иш сапары менен барат
RU

Садыр Жапаров Арменияга иш сапары менен барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров эртең, 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын уюмга төрагалык кылуунун жыйынтыгын чыгарышат жана Беларусь Республикасынын төрагалыгы маалындагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угушат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9363