Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда болот
RU

Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт. Маалыматты казак басылмалары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына шилтеме берүү менен жазышты.

Андагы маалыматта Борбордук шайлоо комиссиясы Токаевди жаңы шайланган президент катары каттоодон өткөргөнү айтылат. Жаңы лидер 26-ноябрда ант берери кабарланат.

Белгилесек, 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өттү. Анда Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 82 пайызга жакын добушуна ээ болуп, жеңишке жетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9364