Казакстандагы президенттик шайлоо: Садыр Жапаров Токаевди жеңиши менен куттуктады
RU

Казакстандагы президенттик шайлоо: Садыр Жапаров Токаевди жеңиши менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшкөнүн президенттин администрациясынан кабарлашат.

Сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, анын жеңиши казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи.

"Шайлоонун жыйынтыгы Касым-Жомарт Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий аракетин колдоорун тастыктады", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы келечегин, аймактык кызматташтык маселелерин, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9-декабрына Бишкекте өткөрүү белгиленген Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алдыдагы жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Белгилесек, 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өттү. Анда Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 82 пайызга жакын добушуна ээ болуп, жеңишке жеткени кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9346