Баткенде тойго бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрү жол кырсыгынан мерт кетти
RU

Баткенде тойго бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрү жол кырсыгынан мерт кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Анда кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшкөнүн облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, кырсык 22-ноябрда саат 19:30 чамасында Кадамжай районунда орун алды. Mercedes-Benz Sprinter менен Opel Vectra унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жеринде каза болуп, дагы 3 жаран ооруканага бара жатканда көз жумду. Учурда 1 жабырлануучу оор абалда Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылды.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка кабылгандардын бешөө бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Алар тойго бара жатышкан.

Бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9380