Бишкек-Ош жолунда 6 адамдын өмүрүн алган кырсык катталды
RU

Бишкек-Ош жолунда 6 адамдын өмүрүн алган кырсык катталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Кырсыктан 6 адам каза болгонун Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Форд Транзит унаасы Бишкектен Ошту көздөй бара жаткан. Унаа каршы тилкеге чыгып, алдыда келе жаткан фураны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болду. Алар:

  • Баткен облусунун Кадамжай районунун 1968-жылы туулган тургуну, Форд Транзитин айдоочусу;
  • Кадамжай районунун 1972-жылы туулган тургуну (аял);
  • Кадамжай районунун 1994-жылы туулган тургуну;
  • Кадамжай районунун 1967-жылы туулган тургуну;
  • Кадамжай районунун 1972-жылы туулган тургуну (аял):
  • 56-70 жаштагы аял, аты-жөнү тактала элек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9339