Болот Темиров элчилик тарабынан берилген документ менен өлкөдөн чыгарылды
RU

Болот Темиров элчилик тарабынан берилген документ менен өлкөдөн чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соттун чечиминен кийин Болот Темиров "Манас" аэропортунан Москвага багыт алган учакка отургузулду. Өздүк булактардын маалыматына караганда, Темировдун жанында эч кандай документи жок, аны укук коргоо органынын кызматкери коштоп жүрөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын укук коргоо органдары Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен Болот Темировдун атына түшкөн документтер алышкан. Ошол документтин негизинде Темиров өлкөдөн чыгарылды.

23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралды. Анда сот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин чыгарды. Өкүм жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Сот өлкөдөн чыгаруу боюнча жоопкерчиликти Кыргызстандын Ички иштер министрлигине жана Чек ара кызматына жүктөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9385