Сот Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алды
RU

Сот Болот Темировду Кыргызстандан чыгаруу чечимин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык сотунда журналист Болот Темировдун иши каралды. Анда сот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Прокурор соттук коллегиядан Темировду коюлган берене боюнча күнөөлүү деп таап, ал Кыргызстандын жараны болбогонуна байланыштуу өлкөдөн чыгаруу беренесин колдонууну өтүндү.

Болот Темировдун жактоочусу соттук коллегиядан Свердлов райондук сотунун чечимин өзгөртүүнү жана каралып жаткан иште кылмыштын курамы жок болгондуктан толук актоону өтүндү.

Соттук коллегиянын чечиминен кийин Темировду укук коргоо кызматкерлери белгисиз тарапка алып кетишти.

Эске салсак, Темиров ушул жылдын башында, 22-январда кармалган. Анын кеңсесине спецназдар кирип барып, журналистти кармоо учурунда Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл түстөгү затты алып чыгышкан. Темировго карата баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сактоо боюнча кылмыш иши козголгон. Бир нече айдан кийин ал Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алып, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп шектелген.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду "Баңгизаттарды сактоо жана колдонуу", "Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү" беренелери боюнча актаган. Ал эми жасалма документтер боюнча күнөөлүү деп таап, колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазасыз калтырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9382