Кайнагасын, аялын сабаган. Ошто ага-инилер кармалды
RU

Кайнагасын, аялын сабаган. Ошто ага-инилер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин ага-иги кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүүлөргө карата козголгон иши башка беренеге өзгөртүлдү.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 9-ноябрда милицияга Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз адамдар мушташып жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн. Жерине барган Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматы 1994-жылы туулган Т. Ж. жана анын бир тууганы 1995-жылы туулган Т. И`ни кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө 28 жаштагы Т.Ж. аялына кол көтөрүп, жаңжал чыгарган. Аялы өзүнүн бир тууган агасын жардамга чакырган. Бирок Т.Ж. бир тууган иниси менен кайнагасын жана анын аялын сабап, денелерине залал келтиришкен.

Алгач бул факты боюнча "ээнбаштык" беренеси мене иш козголгон. Кийинчерээк соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жогорудагы берене "денеге оор залал келтирүү" беренесине өзгөртүлдү.

Бүгүн, 23-ноябрда шектүү катары кармалган бир туугандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9386