Эльвира Сурабалдиева: "Камчыбек Кыдыршаевич, мага берген "белегиңизди" эч качан унутпайм"
RU

Эльвира Сурабалдиева: "Камчыбек Кыдыршаевич, мага берген "белегиңизди" эч качан унутпайм"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эльвира Сурабалдиева Кемпир-Абад боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергендерге кысым башталганын парламенттеги жыйында айтты. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, эл өкүлдөрүн коргойм деп берген убадасын аткарууга чакырды.

"Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттардын барына коркутуп-үркүтүү болуп жатат. Ошол 19 депутат "бизди коргой албасаңыздар эмнеге шайладык" деп сизге кайрылып баштайбыз. Кечээ менин туулган күнүм болду. Урматтуу, Камчыбек Кыдыршаевич, сизге чоң рахмат! Мага берген "белегиңизди" эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма иш козгойм деп коркуткан УКМК кызматкерлерин да унутпайм", - деди ал.

Депутат парламентке кайра келгенде атайын кызматтан коркутуу болот деп күтпөгөнүн айтат.

"УКМК коркутат деп ойлогон эмесмин. Кечээ депутаттар менен сүйлөшсөм барынын жакындарын жумуштан алышыптыр. Менин жакындарым мамлекеттик жумушта иштебейт, алыскыларын да жумуштан алып жатышыптыр. Бул уят нерсе. Оокат-бизнесиңерди тартып алам дегениңер Бакиевдин заманында да болгон эмес. Атамды Бакиевдер атып кеткенде ушундай ызы-чуу болгон. Жайында 2 ай бою коркутуп, текшерип чыктыңар. Ошондо Акылбек Жапаровдун иш бөлмөсүнө чейин барып, президентке чейин жеткем. Билесизби төрага ошондо кандай сөз болду эле? Мени митинг даярдап жатыптыр, аудио жазуу бар деп. Ошону мага бергиле десем, колума саат тагып, грамота берип кутулган. Эми 2 ай өтпөй УКМК менин туугандарыма, бизнесиме барып ал кызды тыйынсыз калтырам" деп жатыптыр. Биз сизди эмнеге шайладык эле?!. Баарыңар табакташ болуп алыпсыңар. Анда бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы", - деп нааразы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9392