"Менин атымды ар кайсы ишке жабыштыра бербеңиз". Ташиев Сурабалдиевага жооп кайтарды
RU

"Менин атымды ар кайсы ишке жабыштыра бербеңиз". Ташиев Сурабалдиевага жооп кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламентте депутат Эльвира Сурабалдиева Кемпир-Абад боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергендерге кысым болуп жатканын жана ага, анын жакындарына коркутуулар башталганын айтты.

Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул айыптоолорго жооп берди.

"Сиз менен эч кандай байланышым жок. Кимде таарынычыңыз болсо ошого байланышыңыз. Менин атымды кайдагы бир иштерге жабыштыра бербеңиз да", - деди.

Ошондой эле Сурабалдиеванын жакындары мамлекеттик казынага 70 миллион сом төлөшү керек экенин айтты.

"Сурабалдиеванын жакындары "Кудайберген" базарын иштетет. Анда 3 миңге жакын контейнер бар. Контейнерлер айына 2-3 миң сомго ижарага берилерин отчётторунда көрсөтүп келишет. Салык инспекциясынын эсеби боюнча "Кудайберген" базары 70 миллион сом салыкты төлөбөй келет. Бул салыкчылардын акчасы. Ал трибунаны өз кызыкчылыгына колдонбошу керек", - дейт Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасы айрым депутаттарга карата оор беренелер боюнча кылмыш иши козголорун белгиледи.

"Силердин араңарда оор кылмыш жасагандар бар. Азыркы тапта арыздар каралып жатат. Ошондуктан доомат койбой эле койгула", - деп кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9393