УКМКга чакыртылган Мурат Суталинов эскертүү алды
RU

УКМКга чакыртылган Мурат Суталинов эскертүү алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Суракка чакыртылган УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов эскертүү алганын айтты. Ал бул туурасында социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Качандыр бир кезде өзүм жетектеген конторага кирип чыктым. Тажрыйбалуу адам катары ылайыктуу кийинип, кийим салып алгам. Бирок бул жолу эскертип, коё беришти. Ошентсе да Украина боюнча пикиримди билдире берем", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Эске салсак, 23-ноябрда кечинде Мурат Суталиновдүн үйүнө УКМКнын кызматкери барып, конторага "сүйлөшүүгө" чакырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9400